Эки жеткинчек кыздын өгөй атасы тарабынан зордукталганы аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, өткөн жылдын ноябрь айында милиция кызматкерлерине 1979-жылы туулган айым кайрылып, жарандык никедеги күйөөсү 9 жаштагы кызын зордуктаганын айткан. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында кыздын зордукталбаганы аныкталган. Эки күндөн кийин кыздын апасы арызын артка кайтарып алган. Мындан улам кылмыш иши козголгон эмес.
Айта кетсек, бир канча күн мурун Балдардын укугун коргоо коомдук фонду өгөй атасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 6 жана 10 жаштагы эки кыздын ооруканага жаткырылганын билдирген. Соттук-медициналык экспертиза алардын зордукталганын аныктаган эмес. Ошондой эле кыздардын апасы 14-май күнү ишти кайра карап чыгуу боюнча милицияга кайрылган. Бирок арызында бир эле кызынын зордуктоого кабылганы жазылган.