Баку шаарында 16 кабаттуу үй 4 сааттын ичинде толугу менен күйүп кетти

19-майда Азербайжан Республикасынын Баку шаарында сырты пластик материал менен капталган 16 кабаттуу үй 4 сааттын ичинде толугу менен күйүп кетти. Анын кесепетинен 16 адам, анын ичинен 3 жаш бала каза болуп, 60тан ашуун адам жаракат алган. Каза болгондордун ичинен 14 адамдын өздүгү такталды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы үй сапатсыз материалдар менен салынганын айтууда. Азербайжан президенти Ильхам Алиев өрттүн чыгуу себептерин иликтөөнү өз көзөмөлүнө алды. Ал эми бул көп кабаттуу үйдүн сыртын пластик материал менен каптаган компаниянын жетекчиси кармалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Айта кетсек, мындай окуя Бакудагы биринчи кырсык эмес. Ушул жылдын апрель айында да 9 кабаттуу үй толугу менен күйүп кеткен, бактыга жараша, андан эч ким каза болгон эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
kirgizstan
2015-05-20 19:03:06
Жакшы болбоптур
-1
Marat-m
2015-05-20 20:28:32
kirgizstan, Сага не болгон? Адамдар олуп атса ушинткенин жакшыбы?
-8
gulia90
2015-05-20 21:04:49
Marat-m, kirgizstan жакшы болбоптур деп жазыптыр. Мен биринчи жакшы болуптур деп окуп алыпмын)))
+8
kirgizstan
2015-05-20 22:20:19
Marat-m, шашып окугансынго
+5
paula.90
2015-05-20 23:32:15
kirgizstan силердин жазганынарды менда туура эмес окуп алыпмын))мен эле эмес башкаларда туура эмес окуп алып минус коюшкангоо)
+7
Boldukan86
2015-05-21 01:08:06
kirgizstan, мен да ошентип окуп ишенбей кайра окуп анан тушундум. жакшы дегенди окуп алышып баары маанисинен адашып жатканго. кулкунда келет бир жагы комментарийлерге.
+2
nelya88
2015-05-21 01:49:30
kirgizstan, негизи 'жакшы болуптур' же 'жаман болуптур' деп айтылат го.. Мааниси жок суйлом,ошондуктан баары минус коюп жатышат,менимче...
0
kirgizstan
2015-05-21 13:28:33
nelya88, биринчи ойума ушул соз келди жакшы болбоптурдаа деп анан ошону жаздым баары башкача окуганго чын жаман болуптур
+2
FSB
2015-05-21 03:04:12
kirgizstan, da, tuura aitasyn
0
marmilantka
2015-05-20 20:48:42
Жаман болуптур
+1
Elnuram090
2015-05-20 23:51:14
Каап жаман кырсык болуптур эч кимдин уйу куйбосун
+3
Kamil_
2015-05-21 00:23:16
Алла сактасын, бизге дагы сыноо келе турган болсо бизде сапаттан санга откон имарат, турак-жайлар абдан арбын.
+2
ailam14
2015-05-21 00:56:50
Иии жаман болуптур жайылары жаннаттан болсун
+5
guard
2015-05-21 03:21:31
Биздин Бишкекте жаны салынып жаткан уйлордун баарын эле сыртын пластик менен каптап жатышат ко, кооздогон кылып, Кудай сактасын...
0
Bektur2
2015-05-21 08:52:22
Кудайым бодо кырсыктардан сактасын
+1
Nurchelo
2015-05-21 09:43:43
Эң жаман болгон кырсыктардын бири, озгочо бироо жабыркап, андан жаман каза тапса, бирок адам оз эмгеги менен салган уйу орттонуп кетсе ушунчалык жаман эле, мен да апам жалгыз салган уйду коркуп турам орт чыгып кетпесин деп, канча эмгек, каражат.
0
AFRODITA-89
2015-05-21 13:55:50
ото страшно куйуптурго тим эле алоолонуп Кудайым сактасын эмнеден чыкты экен бироонун шалаакылыгын айынан канчасы жабыр тартып атат эми!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан