Бишкекте "виза ачып берем" деп 40тан ашык шаар тургунун алдаган аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү "АКШга кетүү үчүн виза ачып берем" деп 40тан ашык адамды алдаган. Ар биринен 6 миң доллардан 13 миң долларга чейин алган, бирок бирине да виза ачып берген эмес. Учурда кылмышка шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.