“Жаш кыял” элдик үлгүлүү бий ансамбли 1-мартта "Сейтек" жаштар борборунда өзүнүн 19 жылдык мааракесине арналган концертин тартуулайт. Концертти бийик деңгээлде өткөрүү үчүн аталган бий ансамбли учурда кызуу даярдыктын үстүндө. “2014-жылы 1-мартта 20 жылдык отчёттук концертибизди тартуулайлы деп турабыз. Анын алкагында 7 өлкөнүн башын бириктирген фестиваль да өткөрүлөт. Ал эми быйыл бере турган концертибиз 20 жылдык мааракеге болгон даярдыктын башталышы. Концертибизге кайсы ырчылар катыша турганын азырынча айтпай турайын, көрүүчүлөр үчүн сюрприз болсун”,- дейт ансамблдин жетекчиси Жаныбек Чилетиров. Эскерте кетсек, “Жаш кыял” бий ансамбли 1994-жылы борбордогу №68-орто мектепте бий ийрими катары ачылып, аны Жаныбек мырза жубайы Анара Чилетирова экөө жетектеп келет. Учурда топто 4 жаштан 17 жашка чейинки 350дөй улан-кыздар тарбияланып келет. Топтун түзүлгөнүнө 5 жыл болгондо “Элдик бий ансамбли” деген наамга ээ болушса, 10 жылдык мааракесинде “Элдик үлгүлүү бий ансамбли” наамын алган. Бул бий ансамблинин төмөнкүдөй да жетишкендиктери бар:
Орусия, КМШ, Индия, Түркия, Беларусь өлкөлөрүндө өткөн эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү.
1995-жылы Кыргызстанда өткөн “Жаш таланттар” фестивалында баш байгенин ээси.
2002-жылы Казакстанда өткөн «Боз торгай» чыгармачыл балдардын эл аралык фестивалынын жеңүүчүсү.
2005-жылы «Эл ичи – өнөр кенчи» аттуу эл аралык улуттук чыгармачыл балдар фестивалында бий боюнча биринчи даражадагы диплом, алтын медаль менен сыйланган.
2006-жылы Беларусь мамлекетинде өткөн «Алтын аары» эл аралык фестивалында 10 жашка чейинки балдардын арасында биринчи орунга ээ болгон. Мындан сырткары дагы көптөгөн сынак, фестивалдардын лауреаты, дипломанты.