Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн күч сынашууга чыккан Акжол Махмудов алгачкы атаандашын утту.
Ал килемге 82 килограмм салмак ченинде чыгып, египеттик каршылашын 5:1 эсебинде жеңди. Ошентип балбан 1/8 финалдык баскычына өттү.