Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районунда жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган делген айыптоону четке какты.
Ал 13 гектар жер тилкеси Базар-Коргон райондук администрациясынын буйругунун негизинде "Кылым кыздары" коомдук бирикмесине пайдаланууга берилгенин билдирип, бирикмеде апасы да мүчө болгонун белгиледи. Эл өкүлүнүн айтымында, ошентип жер апасынын наамына мыйзамдуу өткөн.
"Алар өз ара акча топтоп, жерди тазалоого жана өздөштүрүүгө киришишкен. Бирок кийинчерээк акча жетпегендиктен аялдар жерди толук өздөштүрө албай, ойлогон максаттарын ишке ашыра алышкан эмес. 2006-жылы жер тилкеси коомдун карамагында калып, апамдын ээлигине өткөн.
Мен ошол жылдары, тактап айтканда, 2005–2010-жылдары башка миңдеген мекендештерибиз сыяктуу эле Орусияда, базарда эмгектенип, өз каражатымды топтоого аракет кылып жүргөм. 2010-жылдан кийин мекениме кайтып келип, Орусияда топтогон акчама ишкерликти баштагам. Ал жактагы мүлктөрүмдү, анын ичинде соода контейнерлеримди
саткам.
2013-жылы жанагы жер тилкесинин пайдалануу багытын өзгөртүп, кыш заводун курганбыз. Кийин өндүрүштү чоңойтуу үчүн экинчи заводду салдык. Азыр бул ишканада 60ка жакын адам эмгектенип, үй-бүлөсүн багып жатат", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Айта кетсек, президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргондун тургундары менен жолугушуусунда Алтынбековго карата доомат айтылган. Жергиликтүү тургундардын бири депутат Базар-Коргондогу 20 гектардан ашык жерди мыйзамсыз ээлеп алганын айтып, анын ичинде базардын аймагы жана кирпич заводу жайгашкан жер тилкеси бар экенин билдирген.