Жакында абактан чыккан акын Аскат Жетиген саясатка киришкенин жарыялады.
"Мен саясатка кириштим! Арийне, мындан аркы алып бара турган ишмердүүлүгүм конструктивдүү түрдө саясий позициямдын алкагында болмокчу. Позициям мурда кандай болгон болсо, мындан кийин да ошондой болот!
Ал эми “чыгармачылык эмне болот?” деген суроого жооп берсем. Менин саясатта алып бара турган ишим дал ушул маданияттын, тарыхтын, кыргыз салттык музыкасынын актуалдуулугун арттырып, деңгээлин дүйнөгө жайылтуунун камын көрүүдө болот! Мендеги тажрыйба, акыл-эс жана кудурет бул ишти алып барууга кадимкидей жетиштүү!" - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Аскат Жетиген 19-августта үч жылдык абак жазасын өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу
эркиндикке чыккан. 2024-жылдын 20-мартында кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына
камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.
Ошол жылдын 1-июлунда Свердлов райондук соту аны “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот аны актаган.
Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу. Ал эми Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Жогорку сот да биринчи жана экинчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.