"Маданият жана туризм министри ишиндеги кемчиликтери үчүн Бишкектеги Орус драма театрынын директору Борис Воробьёвго сөгүш жарыяласа, ал кримавторитеттердин атын айтып коркутуп жооп берген". Бул маалыматты бүгүн, 22-февралда Маданият жана туризм министринин орун басары Кудайберген Базарбаев айтты. “Воробьёв сөгүш алгандан кийин бизге кримавторитеттер менен байланышы бар экенин, анын ичинде Азиз Батукаев жана бир топ жыл мурун каза болгон Рысбек Акматбаев менен катышып жүргөнүн айтты",-деди Базарбаев. Айта кетсек, учурда министрлик бул аракеттер боюнча сотко арыз даярдап жатканы маалым болду.