Үч эмдин апасы: “Үйүм жок, балдарым менен жалгыз калдым, мамлекетибиз бир бөлмөлүү батир берсе, рахматымды айтмакмын”

Бүгүн, 12-июнда SUPER.KG порталынын чыгармачыл тобу 5-июнда үч эмди жарыкка алып келген 23 жаштагы Бактыгүл Камчыбек кызы менен таанышып, балдарын көрүп келди. 
Бактыгүл айым Жалал-Абад облусунун тургуну экенин айтып, 21 жашында тааныштар аркылуу Нарын облусунун Кочкор районунун тургунуна турмушка чыкканын айтты. 
“Үй-бүлөдө чыр-чатактар болот экен, бирок ага кайын журттун кийлигишкени жана жолдошумдун достору тагдырыбызды чечкени баарын бузду. Күйөөм экөөбүз сырдашып, ага ички дүйнөмдөгү болгон нерселерди айтып берчүмүн. Бир-эки күн өткөн соң аны кайра кайненемден угуп, жолдошума таарынгам. Бир жолу кайненем өз апама телефон чалып “кызың үйдөн 4 миң сом уурдап алды” деп жалаа жапты. Муну уккан апам мага “сен үйгө келбей эле кой, сен ошолордукусуң” деп, менин сөзүмдү уккусу да келген жок. Мындай уруштардын айынан биринчи балам боюмдан түшүп калды. 
Анан өкүнүчтүүсү, мени үйдөн жолдошум же кайненем эмес, күйөөмдүн жолдоштору кетиришкен. Жоки деген досу “Кетесиңби үйдөн? Кет анда” десе, күйөөм Алтынбек унчуккан эмес. "Тобо, ушундай да болот экен" деп ызамдан короодон чыгып кеткем. Анан Бишкекке келип өз жашоомду улантайын деп иштеп жүргөн кезде кош бойлуу экенимди, балага 2,5 ай болгонун билдим. Кайра Кочкорго, кайын журтума кайтып бардым. Кабыл албай коюшту. Челкейип алып манты сатып эптеп жан багып жүрдүм. Бир жолу эки күн ачка калып, жалаң суу ичкен учурларым болгон. Ошондон улам балдарым да алсыз болуп төрөлүштү окшойт”,- дейт айым. 
Жаш кезинде жашоонун кыйынчылыктарына учураган айым учурда мамлекеттин камкордугуна муктаж экенин айтат. 
“Үйүм жок, балдарым менен жалгыз калдым, күйөөм үч эмдүү болгонун сыналгыдан көрүп, келем деген. 3 күн күттүк, бирок келбеди. Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшкөндө ал “сага апаңдын боору ооруп, келсин деп жатат” деди, бирок мага күйөөмдүн каалоосу керек болуп жаткан. Ал болсо кайра эле унчукпайт. Ошондон улам экөөбүздүн тагдырыбыз эки ажырым жолго түштү окшойт. 
Учурда дүйнөдө жакшы адамдар бар экен, ага шүгүр, балдарыма керектүү тамак-аш, кийимден азырынча кыйналган жокпуз. Үч эм бир жашка толгуча бизге бала кароочу бөлүнүп, жардам үзгүлтүксүз берилерин айтышты. Эми мамлекетибиз бактыбызга бир бөлмөлүү үй берсе, энелик рахматымды айтмакмын”,- дейт үч эмдин апасы. 
Бактыгүл Камчыбек кызы намаз окуурун айтты, мусулман болгон соң балдарынын аттарын да өзгөчөлөнтүп койгон. Эки кызына Ханифа жана Хаббиба деген ысым берсе, уулуна Хаббибулла деген ысым ыйгарган, ал эми фамилиялары апасыныкы.
Кошумчалай кетсек, үч эмди жарыкка алып келген эненин үйү жок экенин алгач саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев айтып чыккан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (50)
janko1
2015-06-13 07:49:44
Аллахым омуру менен берген болсун! апасына ден соолук куч кубат берсин. баарыбызга насип этсин ушундай болгон уч эм. тогуз ай которуп кыйналып торойбуз ошону эркектерибиз билсе кана.
-2
sherzatik
2015-06-13 09:03:41
Кыргыз элим ар бирибиздин башыбызга келе турган кыйынчылык бар ошол нерсени унутпайлы.Арабызда бар терс кыска ойлорун жазган.үч эмди төрөш оңой эмес ошол кыска оюң мн бирди да төрөй албайсың.Атасы качып жүрсө сурайтта үй,мамлекет милдеттүү үй беришке.Өзбек эмес атасы жана ысымдары өзбекче эмес.Өмүрлөрүн берсин Кудайым!!!
0
asiana
2015-06-13 09:17:46
Уй бериш керек , Бергенден кийин атасы келсе керек.
+1
rusha
2015-06-13 12:48:18
asiana, уйлуу болгондон кийин уй кучуктой болуп келгени окшошпой калса керек...
0
origami
2015-06-13 09:40:00
Куйоосу,Апасы жузун бурса да Кудайым жузун бурбаптыр Бактыгулдон,жон эле адамга бере бербейт уч эмди.Кудай суйгон пенде экенсин.Балдардын келечеги кен,ыйман-саламаты бекем болсун.
0
edelveis0088
2015-06-13 10:39:44
Ар бир айымга насип этсин ушундай бактылуулукту...
А эжеге сабр каалайм буюрса баары жакшы болот...
0
karona
2015-06-13 12:35:04
Жолдошу "мамин сыночек" окшойт. Апалар балдарым бактылуу болсун деп жашоосуна кийлигишип, билбестен баласынын бактысын бузуп алышат. Ошон учун "заботливая мамочка" болбой эле коюшса жакшы болмок эле кайненелер! "Ал балдар сенден эмес" деп кайдагыны айтып баласын жонотпой койгондур да. Башы жоктор, балалуу,неберелуу болуп отурса да барып койгонго жарабаган экен.
+1
rusha
2015-06-13 12:46:27
мамлекет 3 эм учун 1 эмес 3 болмолуу бериши керек. Чиновниктер эси ооп билмексенге салып, озулорунун комочуно кул тартуу менен алек болбой эртерээк маселени чечишсе жакшы болмок. Ушундай учурда жарандарга жардам бербегенде качан жардам берет?!
0
mikinookat
2015-06-13 13:05:02
ий козулар десе мынча ширин0,,,, жараткан да оз суйгон пендесине 2-3-4 бала берет ылайым 4 оондун тен ден соолугунар чын болсун
0
aiko88.10
2015-06-13 14:31:31
Эртен балдары чонойуп,озу менен озу болуп,акча тапканга жарап калганда пайда болот да тиги ата сорой! Мен атанармын деп,алдан кучтон тайып калганда...
0
jass00
2015-06-13 16:30:01
колуна эмне болуптур байкуштун?
0
azureya19
2015-06-13 16:35:38
Ии мотурайган шипширин бобоктор экен! Омурун берсин Аллахым. Бактыгулдун апасына соз жок,оз кызы кыйналып атканын билип кантип тынч жашап атты экен.
0
Aksy1993
2015-06-14 02:01:04
Саламатсыздарбы? Ким бул эженин телефонунун номерин билсениздер жазып коёсуздарбы? Админге кайсыл жактан кайрылсам болот?
0
ALBIKA
2015-06-14 02:02:48
Тиги эркек сорой катын албай эле,катынды апасына,досуна алып берсе керек да.Балдарынын омурун,ден-соолугун берсин.Мурун 10дон баланы кантип багышты экен,азыр 3-4баланы багыш кыйын,тытынасын,тытынасын баари бир зорго жетет.Аа бул келиндин 3баланы бир убакытта жалгыз багып чонойтушу эч мумкун эмес.Мамлекет созсуз уй берсин.
0
men_da_kattaldym_xexe
2015-06-14 10:58:04
куйосу эркек эмес экен да, балага зар болуп отот, жалалабаддык кыз экен ошол жактын шаарынан бир болмолуу уй алып берсе деле болот да.
0
Lapushka15
2015-06-15 00:03:22
Кудайым омуру менен берсин!Канынан жаралган балдарды жолго таштап,эркектик намыс деген жок экен.Ошентип эркек болуп журбой эле койсун жер бетинде.Болгондо да уч эм!Кудайым сизге чон белек бериптир!Ар бир адамга бере бербейт.Ушу наристелер сизге,бакыт,ийгилик,барчылык алып келет.Тилегиниз орундалып квартирага ээ болосуз деген умуттомун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан