22-февралда КРнын Эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин мемориалдык тактасы борбор шаардагы Чыгыш-5 кичи районунда өзү жашаган үйдүн дубалына орнотулду. Бул тууралуу төкмө акын Азамат Болгонбаев өзүнүн интернет баракчасына жарыялады. Иш-чарага белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, маданият кызматкерлери жана акындын жакын туугандары катышты. Эске сала кетсек, Тууганбай Абдиев тирүү болгондо быйыл 3-майда 76 жашка чыкмак. Ал 1993-жылы "Ак таңдай-93", 1995-жылы "Манас-1000" эл аралык акындар айтыштарынын жеңүүчүсү болгон. Эл аралык "Руханият" сыйлыгы, III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 1993-жылы "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" деген наам алган.