“Ханзаада Назик” тасмасы Австрияда өтүүчү кинофестивалга катышууга жолдомо алды
Режиссёр Эркин Салиев тарткан “Ханзаада Назик” тасмасы Австриянын Инсбурк шаарында өтө турган
эл аралык кинофестивалына катышууга жолдомо алды. “Кыргызфильм” студиясы кабарлагандай,
аталган иш-чара 28-майдан 2-июнга чейин болмокчу.