Борбор шаардагы Лофт "Цех" ММКларды колдоо борборунда сүрөтчү Макен Дөөлөтбаевдин жеке сүрөт көргөзмөсү болот. Иш-чара 1-мартта саат 17:00дө башталмакчы. Көргөзмөнүн уюштуруучу Гамал Бөкөнбаев: “Макен Дөөлөтбаевди "кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жаңы мууну" деп атоого болбойт. Анын эмгектери совет доорундагы живопистерди камтыйт. Дөөлөтбаевде кыргыз живопись мектебинин өнөрлөрү сакталып калган”,- дейт. Айта кетсек, көргөзмө 1-апрелге чейин улантылмакчы.