5-июнда үч эмди жарыкка алып келген Бактыгүл Камчыбек кызы наристелери менен Бишкектеги Адистештирилген балдар үйүнө чыгарылды. Аталган жайга кечээ, 25-июнда чыгып келгенин Бактыгүл айым бүгүн SUPER.KG порталына кабарлады. Анын билдиришинче, аталган балдар үйүнүн шарты жакшы. "Мында медициналык кароо жана башка бардык шарттар түзүлүптүр. Баары жакшы, балдарымдын саламаттыгы да жайында",- деди ал.Үч эмдин экөө кыз болсо, бири уул. Кыздарына Ханифа жана Хаббиба деген ысым берсе, уулуна Хаббибулла деген ысым ыйгарган. Жаш эненин мындан башка да эгиз балдары бар экени кабарланган эле, бирок бул айтылгандарды өзү четке какты. "Ооба, үч эмден сырткары башка балам бар, бирок эгиз эмес",- деди эне. Баласы учурда кайда, канча жашта жана кимдин колунда экенин айтуудан баш тартты.
Айта кетсек, буга чейин ал Бишкекте үйү жок экенин айтып, өкмөттөн жардам сурап кайрылган. Мындан улам Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун наристелердин патология бөлүмүндө убактылуу күн кечирип турган.
Ал эми президент Алмазбек Атамбаев жардам катары 100 миң сом, өкмөт 100 миң сом бөлүп берген.