Голливудда “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи болду

Дүйнөдөгү беделдүү наамдардын бири “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи бүгүн, 24-февралдан 25-февралга караган түнү АКШнын Лос-Анжелес шаарында болуп өттү. Кечеде режиссёр жана актёр Бен Аффлектин “Арго" операциясы” көркөм тасмасы “Мыкты фильм” деп аталды. Бул номинацияга ат салышкан 9 тасманын мыктысын АКШнын биринчи айымы Мишель Обама жарыялады. Аталган тасма 1979-жылдагы ислам революциясынан кийин Иранда калган америкалыктарды куткаруу операциясын чагылдырат. Ал эми тайвандык режиссёр Энг Линин “Пинин жашоосу" аттуу тасмасы “Мыкты режиссёрлук иш” наамын алды. Бул тасмага атаандаш болгон Стивен Спилбергдин “Линкольн” тасмасында президенттин ролун жараткан Дэниел Дэй-Льюис “Мыкты актёр” наамына татыса, “Мыкты актриса” сыйлыгын “Менин жигитим – акылынан адашкан” тасмасындагы ролу үчүн 24 жаштагы актриса Женнифер Лоуренс илип кетти. АКШнын Киноакадемиясы тарабынан 85-жолу тапшырылып жаткан “Оскар” сыйлыгы 24 номинация боюнча өз ээлерин тапты.

Cүрөттөр: gazeta.ru сайтынан алынды

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан