13-мартта АКШнын Нью-Йорк шаарындагы "Bowling Green" сейил багына Кыргызстандын желеги орнотулат. Кыргызстандыктардын Эл аралык "Kyrgyz Club" бирикмеси маалымдагандай, бул иш-чара 21-март - Нооруз майрамынын урматына жасалууда. Айтылгандай, бул желек 21-мартка чейин сейил бакта желбиреп турмакчы.