"
КСДП менен бир коалицияда туруп өзүнүн стратегиялык өнөктөшүн жана союздашын айыптоону, эң жумшак айтканда, адилеттүүлүк эмес деп эсептейм. Ал эми "Ата Мекенди" колдобогон башка партияларга карата алганда, мен муну шылдыңдоо деп билем",- деп билдирди Чыныбай Турсунбеков.
КСДПнын лидеринин билдиришинче, президенттин саясатын колдогону үчүн партияны айыптоо туура эмес. "Мамлекет башчысы элдин үмүтүн актап, жооптуу саясатчылар муну моюнга алып жатышса, бул - эптеп парламентке келүү үчүн өзүнө ыңгайлуу болгондор менен кызматташууга даярдыгын жарыялоого салыштырмалуу адилеттүү позиция",- дейт Турсунбеков.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаевге оппозицияда жүргөндө козголгон мурунку кылмыш ишин экс-мэр Мелис Мырзакматовго козголгон кылмыш ишине салыштырууга мүмкүн эместигин кошумчалады.
"Акаев менен Бакиев убагында канчалык аракет кылышпасын, Алмазбек Шаршеновичти кылмыш жоопкерчилигине тарта албаганын Текебаев мырза абдан жакшы билет. Ал Жогорку Кеңеште оппозициялык фракция жок деп эсептесе, анда "Ата Мекен" коалициялык көпчүлүктөн чыгышы керек",- дейт КСДПнын лидери.