Бүгүн, 10-июлда президент Алмазбек Атамбаев Башкортоcтан Республикасынын Уфа шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы отурумуна катышты. Өз сөзүндө Алмазбек Атамбаев Орусия президенти Владимир Путинге ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Уфа шаарындагы отурумун мыкты уюштургандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчы ШКУнун саммитине даярдык көрүү боюнча Орусия тараптын жүргүзгөн масштабдуу ишин белгиледи. Кол коюлуп жаткан маанилүү документтерден президент "Уфа декларациясын" баса белгиледи. “Документ өз ара пайдалуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө умтулууну, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча бирдиктүү позициясын толугу менен чагылдырат”,- деп билдирди мамлекет башчысы.
Президент Алмазбек Атамбаев ушул саммит Шанхай Кызматташтык Уюмунун өнүгүү тарыхындагы жаңы баракты ачып жаткандыгына ишенимин билдирди. “Бүгүн биз уюмду кеңейтүүнүн жол-жобосунун башталышы тууралуу тарыхый чечим кабыл алууга тийишпиз. Кыргыз мамлекети Индия менен Пакистанды ШКУнун мүчөлүгүнө кабыл алуу жол-жобосунун башталышы жөнүндө тарыхый чечимди колдойт. Кыргыз тарап ошондой эле Беларуска байкоочу мамлекеттин статусун, Азербайжанга, Арменияга, Непалга жана Камбоджага ШКУнун диалог боюнча өнөктөш статусун ыйгарууну туура көрөт. Мындай кадамдар биздин уюмубуздун жалпы саясий жана экономикалык потенциалын кыйла күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берет”,- деди президент.
Мамлекет башчы ШКУну кеңейүү процессинин башталышы менен уюмдун алкагында биргелешип иштешүүнүн жаңы саясий жана экономикалык шарттары калыптана баштайт деп белгиледи. “Ушуга байланыштуу уюмдун ишинин жаңы реалдуулуктарга ыңгайлашуусу, биздин перспективалуу милдеттерибизди толуктап, бышыктоо маселелери алдынкы планга чыгат. Бул жагынан алганда бүгүн кабыл алынып жаткан 2025-жылдарга чейин ШКУну өнүктүрүүнүн стратегиясы алдыдагы он жылдыкка ШКУнун ишмердигинин негизги багытын чагылдырган негизги документ катары каралып жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Президент 2015-жылы Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмдин үстүнөн болгон жеңиштин 70 жылдыгы жана Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүшүнүн 70 жылдыгы белгиленгендигин эске салды. “Жеңиштин 70 жылдыгына байланыштуу бүгүн биз кабыл алып жаткан билдирүү бул масштабдуу трагедиядан сабак алып, биргелешип, азыркы оомал-төкмөл заманда тынчтыкты сактоого чакырып турат”,- деп кошумчалады мамлекет башчы.
Президент өз сөзүндө коопсуздукту камсыз кылуу маселесин дагы козгоп кетти. Алмазбек Атамбаев ШКУну түзүп жатканда коопсуздукту камсыз кылуу маселелери негизгилерден болгондугун эске салып, ал маселелер эң приоритеттүүлөрдүн катарында калууга тийиш деген пикирди билдирди. “Өткөн отурумдан бери региондо жана жалпы эле дүйнөдө кырдаал өзгөрдү, туруксуздуктун жаңы очоктору пайда болуп, радикалдуу-экстремисттик уюмдар кыйла жандана баштады. Бул жагынан алганда ШКУнун алкагында коопсуздукту бекемдөө багытындагы иштерди активдештирүү зарылчылыгы өсүп жатат. Кыргыз мамлекети мурдагыдай эле Ооганстанда тынчтык, туруктуулук болушуна кызыкдар жана Ооганстан өкмөтүнүн өлкөдө туруктуулукту камсыз кылууга, демократиялык кайра түзүүлөрдү жүргүзүүгө жана өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук пландарын ишке ашырууга багытталган аракеттерин кубаттайт”,- деди президент.
Мамлекет башчы баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүнүн өсүшү региондогу туруктуулукту жана коопсуздукту сактоого коркунучтардын бири экендигин баса белгиледи. “Биз кабыл алып жаткан баңги коркунучу проблемасы боюнча билдирүү жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ШКУнун Конвенциясынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу чечим ШКУнун алкагында биргелешкен күрөштү улантууга жана аны күчөтүүгө чечкиндүү даярдыгыбызды далилдеп турат”,- деп белгиледи.
Бекитилип жаткан ШКУну өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча кеп кылып келип, президент документте өз ара ишенимди арттыруу жана жакшы коңшулаштыкты бекемдөө, канатташ чек араларды “түбөлүк тынчтыктын жана достуктун чек арасына” айландыруу ШКУ мүчө мамлекеттердин негизги максаттарынын бири катары аныкталгандыгын баса белгиледи. “Бүгүн ШКУга мүчө мамлекеттердин чек ара маселелери боюнча кызматташуусу жана өз ара аракеттенишүүсү жөнүндө макулдашууга кол коюуну биз бул багыттагы маанилүү кадамдардын бири катары карайбыз”,- деди Атамбаев.
Андан тышкары мамлекет башчы 2014-жылы Дүйшөмбү шаарында өткөрүлгөн ШКУнун саммитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда эки тараптуу негизде чек ара райондорунда ишенимди бекемдөө жөнүндө макулдашууну иштеп чыгып, кол коюу демилгесин көтөргөндүгүн эске салды. Президент мындай макулдашуу Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда кол коюлуп, эки мамлекетте тең ратификациялангандыгын белгиледи. Алмазбек Атамбаев кыргыз өлкөсүнүн башка кошуналары тарабынан дагы бул демилге колдоого алынат деген ишенимин билдирди.
Ал белгилегендей, ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосунда соода-экономикалык кызматташууну натыйжалуу өнүктүрүү - региондогу туруктуулуктун жана коопсуздуктун маанилүү аспектилеринин бири. Бул маселе боюнча мамлекет башчысы соода-экономикалык чөйрөдөгү макулдашууларды тездетип ишке ашырууга чакырды.
Президент долбоордук ишмердикти финансылык жактан коштоо жана экономикалык кызматташуу программасын аткаруу үчүн ШКУнун өзүнчө финансылык институтун түзүү биринчи кезектеги милдеттердин бири болуп саналат деген пикирин билдирди. "Конкреттүү жыйынтыктарга жетишүү үчүн биз өкмөттөрүбүзгө ШКУнун Өнүктүрүү банкын жана Өнүктүрүү фондун түзүү тууралуу маселени толуктап иштеп чыгуу боюнча катуу тапшырма беришибиз керек. Кытай тараптын “Жибек жолунун экономикалык алкагын” түзүү тууралуу демилгесин биргелешип ишке ашыруу ШКУ мейкиндигинде соода-экономикалык кызматташууну активдештирүүгө мүмкүнчүлүк берет деп биз ишенебиз",- деди Алмазбек Атамбаев.
Сөзүнүн соңунда Орусия тарап Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин отурумун ийгиликтүү өткөргөндүгүн белгиледи.