7-апрель окуясына арналган “Эстеп жүрүү үчүн...” аттуу сүрөт көргөзмөсү болот

1-март күнү Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде 2010-жылдын 7-апрель окуясы боюнча “Эстеп жүрүү үчүн...” аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу аталган музейдин кызматкерлери билдиришти. Көргөзмөгө белгилүү фотокабарчылар Игорь Коваленко менен Вячеслав Оселедконун документалдуу 60тай эмгектери коюлат. “Мен Кыргызстандын коомчулугунун назарына бул документалдуу фотосүрөттөрдү мекендештерибиз 2010-жылдын 7-апрелинде эмне болгондугун унутпасын деп сунуш кылдым. Учурда бул революция же бийликти басып алуу болгондугу тууралуу кептер арбын. Мен бул суроого жооп издеген жокмун. Менин максатым – адамдар жөнөкөй балдардын эрдигин унутушпаса”, - дейт Оселедко. Ал эми Коваленко: “Бул көргөзмө аркылуу мен революциянын кан, сыздоо экендигин көрсөткүм келет. Башка бардык кыргызстандыктар сыяктуу эле мындан ары эч кандай революцияны каалабайм. Ошондуктан биз тарыхыбыздагы бул күндү эстеп жүрүшүбүз керек”,- дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан