Бүгүн, 13-июлда Ак-Талаа районундагы Баетов айылында 7 миллион сом акча алып бараткан
Каныбек Мамытбеков аттуу кассирге кол салуу болуп, аны менен чогуу бараткан сакчынын бутуна ок тийди. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына аталган айылдын
Байысбек аттуу тургуну
Whatsapp аркылуу кабарлады. Кол салуу саат 10:00 чамасында болгон. Ал эми октон жаракат алган адам ооруканага жеткирилди. Байысбек ал акчалар пенсия жана пособие үчүн берилиши керек болгонун айтат.
"Кассир банктардын биринен акча алып, айылдагы почтага кирип бара жатканда белгисиз балдар артынан унаа менен келип, акчаны берүүнү талап кылып тапанча такашкан. Алар акчаны кассирдин колунан жулуп качып баратканда кассирдин жанындагы сакчы акчаны кайра кайрып алып калган. Кол салгандар аларга карата 3 ирет ок чыгарганда сакчынын бутуна ок тийген. Сакчы алардын огунан качып, имаратка кирип кетүүгө үлгүргөн",- деди Байысбек.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.