"Ооганстандагы этникалык кыргыздардын жашоосу аябай өкүнүчтүү" деп билдирди журналист Улугбек Бабакулов бүгүн, 26-февралда Мамлекеттик тарых музейинде өткөн “Бүгүнкүдөн – өткөн мезгилге: Ооган кыргыздарынын жашоосу жана турмуш-тиричилиги” аттуу сүрөт көргөзмө учурунда. Анын айтымында, памирлик кыргыздардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири - медициналык жардам көрсөтүү жана билим берүү. “Ооганстандагы кыргыздардын жашоосун көрүп өкүнөсүң. Турмушу абдан кыйын. Тамактанганы начар, жегендери күрүч жана камыр. Балдары жылына 2 ай гана мектепке барышат жана фарс тилинде билим алышат. Андан сырткары баарына медициналык жардам көрсөтүү зарыл, өзгөчө аялдарга жана жаш балдарга”,- деди Бабакулов.