9-14-апрель күндөрү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өтө турган XV Эл аралык театр фестивалына Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын актёрлорунун аткаруусунда Уильям Шекспирдин “Гамлет” чыгармасы катышат. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты. Маалым болгондой, бул иш-чарага Кыргызстан, Беларусь, Молдова, Эстония, Украина, Грузия, Армения, Тажикстан, Өзбекстан, Латвия, Израиль өлкөлөрүнүн актёрлору даярдаган спектаклдер катышмакчы.