ТИМ: "Июнь окуясына күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун АКШ тарабынан сыйланышы өлкөлөрдүн мамилесине доо кетирет"

"2010-жылдын июнунда улуттар аралык жаңжалды, массалык баш аламандык чыгарууга от жаккандыгы жана укук коргоо кызматкерин өлтүрүүгө катышкандыгы үчүн соттун бардык инстанциялары күнөөлүү деп таап, соттолгон Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти "Адам укугун коргоочу" сыйлыгын ыйгарганын кыргыз өлкөсү түшүнбөстүк менен кабыл алды". 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 15-июлда ушундай мазмундагы билдирүү жасады. ТИМ АКШнын аталган сыйлыгы бөтөнчө эрдиги жана адам укугун коргоо ишинде лидерлик сапаты бар уюмдарга же адамдарга берилерин, аталган критерийлерге А.Аскаровдун ылайык келиши талаш жаратарын белгилейт.  
"Анын 2010-жылкы улуттар аралык кагылышуудагы аракеттерин тынчтыкты сактоо же адам укугун коргоо деп баалоого болбойт. Кыргыз мамлекетинде А.Аскаровду киши өлтүрүүгө катышкан кылмышкер жана улуттар аралык жаңжалдын активдүү катышуучусу деп билишет. Буга байланыштуу анын жогорку сыйлыкка ээ болушун Кыргыз Республикасы өлкөдө улуттар аралык ынтымакты жана тынчтыкты бекемдөөгө каршы багытталган аракет деп баалайт",- деп билдирет министрлик. 
ТИМ А.Аскаровдун Июнь окуяларындагы аракеттерин, ошол учурда Базар-Коргон районунда Бишкек-Ош трассасын тосууну уюштуруучулардын бири экенин, анын катышуусунда милиционер М.Сулайманов өтө мыкаачылык менен өлтүрүлүп, өрттөлгөнүн эскертти. 
"Азимжан Аскаровго (сүрөттө) бул сыйлыктын берүү мөөнөтү, Жогорку Соттун чечиминен 4 жыл өткөндөн кийин берилип жатышы да таң калтырат. Дагы бир нерсе, мындай сыйлык президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдин тушунда мамлекетибиздин бир дагы укук коргоочусуна берилген эмес. Бул сыйлыкты баары "Манас" аэропортунан АКШнын Транзиттик борборунун чыгарылышы жана Ричард Майлздын АКШнын кыргыз жериндеги убактылуу өкүлү болуп дайындалышы менен байланыштырат",- деп айтылат маалыматта. 
Тышкы иштер министрлиги АКШнын улуттар аралык теманы пайдалануу менен жасаган кадамдары эки тараптуу мамилелерге олуттуу зыянын тийгизерин белгилейт. 
"Жалпы демократиялык баалуулуктардын негизинде көп жылдык кызматташууну, кийлигишпөө жана суверенитет принциптерин урматтоону көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасы Америка тараптын мындай чечимине нааразычылык билдирет",- дейт ТИМ. 
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Азыр ал абакта. Жакында кыргыз жериндеги укук коргоочу уюмдардын бири А.Аскаровдун катуу ооруп жатканын айтып, аны эркиндикке чыгаруу тууралуу билдирүү жасады. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан