Бишкекте парламент депутатынын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен 40 жаштагы айым каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары маркумдун жакындарына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 3-июлунда болгон. Анда 1975-жылы туулган Аида Орозбаева жумушка бара жатканда Горький жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу Тойота Камри унаасы менен сүзүп алган. Жабырлануучу анын кесепетинен ооруканага жеткирилип, 13-июлда каза тапкан.
Маркумдун жакындарынын айтымында, окуя болгон учурда унаада Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Ибраев жана анын жардамчысы болгон. Ошондой эле ал бардык күнөөнү айдоочусу Алымжан Кенжебаевге коюп жатат.
Бул боюнча Жол-кайгуул кызматына кайрылганыбызда окуянын болгонун тастыкташты, бирок ошол учурда унаанын ичинде депутаттын жана анын жардамчысынын болгонун же болбогонун айтышкан жок.
Учурда бул иш Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында тергелип жатат.