Бишкекте “Эртең - жаз! Жыл мезгилдери музыкалык искусстводо” аттуу концерт болот

28-февралда борбор шаардагы Улуттук консерваторияда Бишкек шаарынын мектеп окуучуларына арналган “Эртең - жаз! Жыл мезгилдери музыкалык искусстводо” аттуу кайрымдуулук концерти болот. Бул тууралуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун басма сөз кызматы билдирди. Концертте жаш угармандарга Токтогул Сатылганов, Антонио Вивальди, Иоганн Штраус, Кара Караев, Лерой Андерсен, Алмас Серкебаев сыяктуу улуу таланттардын чыгармалары жаңырып, акындар Алыкул Осмонов менен Александр Пушкиндин ырлары окулмакчы. Концертти президенттик “Манас” оркестри коштойт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан