"Талас шаарында үч сот аткаруучу тарабынан зордукталган Калия Арабековага учурда дагы да болсо күнөөлүүлөр тарабынан коркутуп-үркүтүү болуп жатат",- деп белгиленет "Бир дүйнө-Кыргызстан" укуктук кыймылынын маалыматында. Анда белгилүү болгондой, бул ишти караган Сокулук райондук соту үстүбүздөгү жылдын 21-майында үчөөнү тең күнөөлүү деп таап, ар бирине 8 жыл күчөтүлгөн режимдеги абакта жаза өтөө чечимин чыгарганы менен, баш коргоо чарасын өзгөрүүсүз калтырган. Мындан улам сот залынан чыккандан кийин күнөөлүү деп табылган сот аткаруучулардын бири Арабековага кол салууга аракет кылып, көчөдөгү эл арачага түшүп алып калган. Жабырлануучу жактоочусу менен Сокулук РИИБине коопсуздугун камсыздап берүүсүн суранып кайрылган, бирок жооп болгон эмес.
"2015-жылдын 21-июлунан 22сине караган түнү Калия Арабекованын үйүнө бет капчан эки адам кирип келип, аны сабап, муунтуп, жазган арызына тосмо арыз жазып берүүсүн талап кылышкан. Буга кошумча алар Арабекованы кайрадан зордуктап, башын жарып, күнөөлүү деп табылгандарга арткан доосунан баш тартуусун талап кылышкан. Арабекова "Бет капчандардын бирин үнүнөн таанып калдым, ал мени зордуктаган сот аткаруучулардын бири. Алар мени кайрадан зордуктап, сабап, муунтуп кетишти" деп билдирген. Жабырлануучу окуядан соң Талас облустук акыйкатчысына телефон чалууга үлгүргөн. Акыйкатчынын өкүлү милиция кызматкерлери менен бирге Арабекованын үйүнө келгенде жабырлануучу кире бериште, жерде эс-учун жоготуп, канжалап, моюнуна сыйыртмак салынган абалда жаткан",- деп айтылат маалыматта.
Арабекова медициналык экспертизадан өткөрүлүп, эсине келген соң окуя тууралуу арызын укук коргоо кызматкерлерине жазып берген.