26-февралда Бишкектеги №20-мектеп-гимназиясында Эл аралык эне тил күнүнө арналган иш-чара өттү. Октябрь райондук администрациясы уюштурган бул салтанатка Кыргызстан элдер ассамблеясынын, шаардык мэриянын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет. Анда ар кайсы улуттун тарыхы тууралуу сөздөр айтылып, улуттук кийимдер, ыр-күүлөр жана бийлер көрүүчүлөргө тартууланды.