Болот Бейшеналиев, ишкер: "Омар мени алдап, 100 миң долларга зыянга учуратты"

Белгилүү ырчы Омардын (Өмүрбек Жанышев) үстүнөн арызданып милицияга кайрылган ишкер Болот Бейшеналиев 28-июлда SUPER.KG менен байланышты. Жабырлануучумун деген ишкер "жакшынакай сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпагандан кийин милицияга кайрылууга аргасыз болдум" деп билдирди. 
"2014-жылы Өмүрбек Жанышов менен шериги Нуржанбек Токтогулов менден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар алып, кайтарып бербей качып жүрүшөт. Булар төө буурчакты Түркияга алып барып сатып, менин акчамды чыгарып бермей болушкан. Бирок товарды Түркияга алып барбай, мамлекетибизден эле сатышып, акчанын көбүн Өмүрбек алыптыр. Төө буурчактын акчасын мага бир айдан кийин, 2014-жылдын 16-августунда беришмек. Жай өттү, күз өттү, беришкен жок. Менин да тиричилигим бар да, банктан насыя алгам, аны төлөшүм керек. 
Өмүрбек менен эки ирет жолугушканда "акчабыз келбей жатат, келсе эле берем" деген. Кийин "акчанын ордуна 6 гектар жерим, сарайым бар, ошону алыңыз" дей баштады. Макул болгон жокмун. Анан ар кандай шылтоону айтууга өттү. Шериги акчаны Өмүрбек алганын айтып туруп алды, сүйлөшүүдөн жыйынтык чыкпагандан кийин арыз жазгам, Таласка партиялардын бири менен концерт коюп келгенде ырчыны кечээ кармашты. 
Милицияда Өмүрбек менен шериги Нуржанбек беттештирилип, Нуржанбек акчанын көбүн ырчы алганын бетине айтты. Ырчы ар кайсыны айтып карганып жатат. Ошондогу доллардын курсун эске алганда, булардын айынан мен 100 миң доллар зыянга учурадым",- деп билдирди Бейшеналиев. 
Товарга байланыштуу ырчы менен ишкердин ортосунда эч кандай документ түзүлбөптүр. 
Айта кетсек, алдамчылыкка шектелип кармалган ырчы учурда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылды.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (40)
Nurka_92
2015-07-28 13:44:32
ар бир келишим 1000 сомдон жогору болсо созсуз тил кат алыныш керек,бул жерде ийри сумма,кызык,адамдын созуно эле кирип, камоого алышыптыр.ошончо убакыт отуптур эмнеге азыр арыз жазды?мен Ишенбейм!Качан Кыргызстанымда акыйкаттык, адилеттуулук орношот?качанкыга чейин туура жолдо жургон инсандар каралашат?
+3
bolotbai
2015-07-28 13:47:06
Быйыл дыйканын да,ак уйдо иштеген Даныярын да,прокурорлорун да 100 мин долларды айтып модага айлантып жиберишти.50 мин доллар айтып суйлосон уят экен буларга.
-1
ulik-89
2015-07-28 13:51:38
Омар депутаттардан улгу алып ооруп калбасан эле болду
+1
jakuta
2015-07-28 14:18:53
Мындай болушу мумкун эмес! Мен ишенбейм! Омар мындай кадамга барбайт!
-1
ana222
2015-07-28 14:24:55
Koigula elder yrchy dele jonokoi adam jeke jawoosy bul baardyk adamdardyn jawoosu uwundai ele azyrky zamanda jenil butsun jumuwu emi biri birin tuwunuw kerek adam bolgondon kiyin!!!
+1
nelya88
2015-07-28 15:21:53
Азыркы денгээли менен Омар андай акчаны буурчак-суурчагы жок эле 'аты' менен эле таап алат.Деги башкасы болсо кичине ойлонуп калмакпыз,а именно намаз окуган, ыймандуу жигит Омардын ушундай кадамга бараары -таптакыр чындыктан алыс!
-1
Danel
2015-07-28 15:22:37
Жабырлануучу деле так показания берип жатат, балким чын эле Омар толой албай калгандыр! Ал деле кадимки биздей эле жонокой карапайым адам. Эгер жалган болсо анда акталып чыгат, куто туралы тиги бул дебестен! Эгер алганы чын болсо анда айткан 100$ мин акчасын кайтарып берселе чыгат.
+1
kachy0212
2015-07-28 15:29:53
Туугандар акча чогултабыз ким макул Омарды чыгаралы 100сомдон топтосокда кутулабыз мен Москвадамын Кобурок берем сын айтып жатам
-1
Nurbek555
2015-07-29 03:37:41
kachy0212, мен дагы беремин!
0
Aikosha_95
2015-07-28 15:37:10
Podstavaaaa..... ....
-1
nurchik05
2015-07-28 16:47:53
Кокуй ай 100мин $ дейби 50 десе да жарашмае
0
sabirdinovich
2015-07-28 18:04:58
Баардык чындыкты Кудай билет, Кудай өзү таразалайт. Элибизге Кудай Таала ыйман берсин.
0
bekbolot1964
2015-07-28 19:17:23
Бир убакта Омар Алла Пугачевадан утканда продюсери Нурсланды сыздатып кетти эле, ошол кайрылып оз башына келиптир да.Кудай таразалайт.
+1
nura.177
2015-07-28 20:26:39
Ишкер аябай берешен экен ,40тонна тоо буурчакты, 20000$ жон эле жок дегенде тил кат жаздырбай эле берген. Ушундай да болобу ушул заманда. Бир тууганга да бербей калдыкгоо
0
Elusha88
2015-07-28 21:08:53
Айтышканда не пайда?!100 000$пара алып жаткандар камалбагандан кийин,эми ушул нерсеге Омарды камап койбосо керек.Куноосу бар же жок экенин буйруса озу айтып калаар.Куто туралы.САБЫР
+1
gitaris93
2015-07-30 03:09:01
Кайран ишкер $иштеп калайын деп атыптырда тил кат жаздырбай 20 мин доллар беришине такыр козум жетпейт
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан