2-5-март күндөрү Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Кол өнөрчүлүк” аттуу жарманке өтөт. Маалым болондой, бул иш-чарага өлкөдөгү жеке ишканалар жана кол өнөрчүлөрдүн айнек, керамикадан жасаган буюмдары, кийим-кече жана азык-түлүктөр коюлмакчы. Айта кетсек, жарманке саат 09:00дөн 18:00гө чейин болот.