Бишкекте бүгүн, 28-февралда Улуттук китепканада элдик мугалим Бектур Исаковдун урматына “Эр Солтоной – кыргыздын улуттук баатыры” аттуу китеп көргөзмөсү болот. Маалым болгондой, Бектур Исаков 43 жылдан бери орто мектептерде окуучуларга сабак берип келет. Ал 37 педагогикалык китептин жана 250дөй илимий методикалык эмгектердин автору.