Ошто маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Ошто 30 миң сом пара алып жаткан жеринен Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын Ош шаарындагы башкармалыгынын башчысы Г.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам Ош шаарынын 26 жаштагы тургунунан “тендерден утуп алган курулушун текшербөө үчүн 1000 доллар талап кылган” деп шектелүүдө. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Өлкөдөгү айрым массалык маалымат каражаттары кармалган адам Г.А. маркум Алманбет Анапияевдин бир тууган агасы Галмамат Анапияев экенин жазышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
Lintel
2015-08-05 09:54:25
Атайлап карматышты мен ишенбейм. Алманбеттин олумун кармалгандарга тоскол болбош учун.
+2
kyrgyz.93
2015-08-05 10:00:20
Байкебиздин аты Галмамат эмес калмамат элего аты
0
Izdeim_seni.
2015-08-05 10:05:16
kyrgyz.93, паспортунда Галмаметтир кайдан билесин,анан белгилуу адамдар кылмыш кылса эле подстава,ишенбенбейм дегенинер коп экенда. Мисалы,Омарда.
+5
Gema
2015-08-05 10:00:24
ишенбегендей эмне жанында журдунуз беле же агасы святойбу ?
+2
chon-alai90
2015-08-09 12:04:57
Gema, не 30000 сомго куну калды дейсинби потустава просто ал айылга келип сдпк менен шайлоо кел болбосо сени подства кылам деп коркутуптур ашкенер. Ал нерсеге галмамат аке макул болбой койгон.
0
erlandyky
2015-08-05 10:08:43
Алманбет агабыз болгондо мындай окуя болмок эмес
0
Ajar.
2015-08-05 10:11:05
Ысым койгондо, балага документ алып жатканда туура жазууга, ысымдын маанисине жана кыргызча болушуна көңүл буруу керек экен.
Галмамат деген кандай ат, бул Калмамат эле болсо керек, документти толтурган адамдан кеткен да катачылык,ушундай кемчиликтер көп,муну жоюш керек.
+2
ertur
2015-08-05 10:18:46
Ajar., азаматсын Ажар ушундай майда барат нерселерге анча конул бура бербейт копчулугу, сен зирек, зээндуу экенсин!
+1
Ajar.
2015-08-05 11:23:21
ertur,рахмат. Мен мындай маселеге көп кездешип жатам да, окусаң эле бир кызыктай ысымдар, фамилиялар. Аты-жөнү улутун көрсөтүп турат да кайсы бир деңгээлде,мисалы, грузин же армян экени аты-жөнүнөн билинип турат го.А бизде болсо дүйнөдө кандай эл-улут жашаса, ошолордун ысымдарын ыйгара берет экенбиз:Совет,Октябрь,Света,Мария,Марина,
Луиза,Хадижа,Хабиба ж.б. депчи.Бул туура эмес го деп ойлойм,ошон үчүн жаза берем,бирине болбосо бирине таасир этет го деп)))
+4
Umar080814
2015-08-05 15:19:04
Ajar., Туура айтасыз. Атыбыздан билинет да биз улуттун окулу экенибиз
0
Bili
2015-08-06 10:58:22
Ajar., Анан эмне Чычканбай, Гулчатай, Итибай, Доолоткан, деп койсунбу Негизи кыргыздарда ушул сыяктуу аттар болгон Азыр заманга жараша заманбап аттар коюлууда.
+1
ACAH_AKA
2015-08-05 10:31:23
а дейбиз бу дейбиз азыр адамдарга ишенич жок болуп калган бир Алла Таалам билет бир озу билет
+1
Mars55
2015-08-05 11:01:07
мен ишенбейм атайын подстава кылышты жузу жок бийлик
-1
kyrgyz.93
2015-08-05 11:06:14
izdeim_seni мен ишенбейм дегеним жок болгону аты галмамат эмес эле калмамат эле деп жаздым омарды мисал кылсан омардын куноосу жок
0
tynara81
2015-08-05 11:06:19
Тексттин башында Г.А деп жазып алып, кайра ачык эле жазып коюпсуңар го, Галмамат Анапияев деп. Эл көзүндөгү адамдардын жакындарынын аты ушинтип эле ачык жазыла береби кармалышы менен эле. Башкалардын ысымы кыскартылган бойдон берилет го, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн, азырынча шектүү делет, соттун өкүмү чыкпай туруп, аты- жөнү толук жазылбайт деп.
+1
shutUP
2015-08-05 11:25:17
tynara81,туура айттыныз, ушу журналист-кабарчыларга тушуно бербейсин негизи
-3
Rich_girl
2015-08-05 11:35:47
tynara81, бул кошумчалаганын журналисттер эле кошуп коюшуптур да, P.S. деп жазып коюшат го, ошондой. Менимче, туура кылышты, дополнительная информация.
-3
maksnarin
2015-08-05 11:28:08
Эгер билсенер Совет доору,андан кийинки Акаев доорунда деле ЗАГС кызматы сыяктуу,дегеле майлуу суттуу жерлерде озбек тектуулор иштеген туштук тарабыбызда-((,маселен Ажыбай-Ажибай,Акбаралы-Акбаралилер кайдан чыкканын ойлодунарбы-)))п.с.озбектерде ы менен каткалан к тамгасы жок,а бу кишини билем,ооруп жургонун уктум эле-)))))
-1
tynara81
2015-08-05 11:40:18
maksnarin, бизде, түштүк тарапта көп ошондой өзгөрүп кеткендер. Юлдашов биздин фамилиябыз мисалы. Биздин айылда Аким- Хакимжан, Абий- Хабибилла, Алым- Олимжон деп күбөлүккө өзгөрүп жазылгандар толтура. Жогоруда жазгандарымдын баары кайын журтум.
-1
Savai80
2015-08-05 11:54:41
tynara81, Анан озбек ошентип кыргыздардын атын озбекче кылып жазып атса алар карап тура беришиптирби. Кайын журтунуз ХХХ ХХХ анда. Же мунунуз жон эле ХХХ жаманатты кылуубу?
+1
admin_superstan
2015-08-05 11:58:19
Savai80, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
-1
tynara81
2015-08-06 09:21:39
Savai80, кокууй, неге жаманатты кылуу. Өзүмдүн да фамилиям ошондой деп атпаймбы. Булар илгерки аттар, чооң кишилердин аттары. Аны өзбеги жазганбы, орусу жазганбы билбейм. Илгерки аламдар карап отуруппу, жазып бергенин алып баса берген да, окуп отурбай.
0
tynara81
2015-08-06 09:25:39
Savai80, анан кайын журтум дегенде, менин күйөөмдүн тууган уруктары эмес, ошол жердеги тургундар дегеним эле. Өзбек айылдардын ортосунда жайгашкан да айылыбыз. 60 ка чыккан кишинин аты, 60 жыл илгери коюлган. Карап тура бердиңизби дейин десең, аны койгон адамдардын көзү өтүп кеткен даа.
0
Sayragul
2015-08-05 16:14:05
maksnarin, туура айткансынар ошондой болгон, торго чыгып журушкон.
+1
NZ170685K-Dariya
2015-08-07 09:50:05
Жок нерселер мн эле каалагандай болуп баратат, кур дооматтан баарын сактасын !!! Маркумдарды жон эле койушубуз керек ар нерсеге аралаштырбай...
0
sterva
2015-08-08 10:06:42
Ушул агасы Алманбетти олтургон адамдарды табам,аягына чыгам деди беле?эгер ушул агасы боосо,анла муну подстава кылып,каматышат
0
admin_superstan
2015-08-10 10:16:13
jibek.shami, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан