Жайыл районунун Полтавка айылында жергиликтүү тургундардын үйлөрүн таш бараңга алгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 7-август күнү кечинде болгон. Анда 15ке жакын белгисиз бала эч себепсиз жергиликтүү тургундардын үйлөрүн таш бараңга алышкан. Анын кесепетинен үйлөрдүн айнектери сынып, унаалар талкаланган. Жабырлануучу катары арыз менен 6 адам кайрылган. Учурда кылмыш иши козголуп, шектүү катары 6 жаран кармалды.