Бишкекте өлтүрүлүп, башы кесилген адамдын калган дене мүчөлөрү табыла элек

Бишкекте өлтүрүлүп, башы кесилген адамдын калган дене мүчөлөрү табыла элек. Бул тууралуу бүгүн, 17-августта SUPER.KG порталына маркумдун туугандарынын бири билдирди.

1981-жылы туулган Э.О. 13-август күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 14-август күнү 5-кичи райондон кесилген колу жана буту, 15-август күнү башы табылды, калган дене мүчөлөрү табыла элек. Ал шаар четинде бир жолу колдонуучу идиш-аяк чыгарган завод куруп жаткан. Үйүндөгү сейфти да белгисиз адамдар көтөрүп кетишиптир”,- дейт маркумдун туугандарынын бири.

Ал эми Ички иштер министрлиги: “Табылган дене мүчөлөр кимге таандык экени аныктала элек. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат”,- деп билдирди.

Буга чейин күч органдарындагы өздүк булактар табылган дене мүчөлөр Кара-Кулжа районунун тургунуна таандык экенин айтышкан эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aikol87
2015-08-17 13:07:39
Душманыма да мындай олумду каалабайм.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан