1-март күнү Бишкек гуманитардык университетинде “Ар түрдүүлүк жаштардын көз карашы боюнча” аттуу сүрөт көргөзмөсү болот. Маалым болгондой, бул иш-чарада Кыргызстандын жаштары арасында сынак жарыяланган. Ага 11-19 жаштагы жаш сүрөтчүлөр катышып, жыйынтыгында өлкө маданиятын чагылдырган 50дөй сүрөт кабыл алынды. Калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөргө белектер тапшырылат.