Чычкан капчыгайынын Өрүктү тилкесиндеги өрт толугу менен өчүрүлдү. Ал эми Арым тилкесинде тилсиз жоого чектөө коюлду. Учурда Канышай тилкесинде өрттү өчүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн өрттү өчүрүү үчүн тик учак 7 каттам менен 60 тонна суу чачкан. Жалпысынан 800дөн ашуун адам тилсиз жоону өчүрүү менен алек болууда.
Айта кетсек, Чычкан капчыгайындагы өрт 13-августта башталган.