Бишкек-Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында Лексус үлгүсүндөгү жана Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа кагылышып, 7 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Кырсык бүгүн, 26-август күнү саат 08:00 чамасында катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Окуя болгон жерге ӨКМнын Токмок шаардык №21-өрт-куткаруу бөлүмүнүн 4 куткаруучусу барган. Каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталууда.