Октябрь районунун башчысы Көк-Жар жаңы конушунда жүрүп жаткан бала бакчанын курулушу менен таанышты

Бишкек шаарындагы Октябрь районунун башчысы Болот Алымкулов Көк-Жар жаңы конушунда жүрүп жаткан бала бакчанын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, курулуп жаткан бала бакча 280 балага ылайыкташкан жана бардык талаптарга жооп берет.

Ошондой эле район башчысы 6-кичи районундагы 120 балага ылайыкташкан №85-адистештирилген бала бакчанын курулушу менен да таанышып чыкты. Аны Эгемендүүлүк күнүнө карата бүткөрүү пландалууда.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан