26-август күнү "Ош" Эл аралык аэропортунан Баткен облусунан ажылык сапарына баруучу 200 зыяратчы Медина шаарына учуп кетти. Бул туурасында облустук казыяттын басма сөз катчысы
Фуркат Авлиёев маалымдады.
Ал эми ажылык сапарына Бишкек шаарынан бара турган зыяратчылардын тобу бүгүн, 27-августта жөнөп кетет. Ажылыктын шарттарын аткарып бүткөн соң, 28-сентябрдан тартып 15-октябрга чейин өз мекенине кайтып келишет.
Эскерте кетсек, быйыл Сауд Арабиясы Кыргыз Республикасына 3685 квота бөлгөн.