Бүгүн, 28-февралда Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “Манас балдардын кыялында” аттуу сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Аталган сынакка 17 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөрдүн 600 эмгеги катышкан. Анда жеңүүчү болгон балдарга сүрөтчүлөр Нурдамир Коңурбаев менен Марат Шарафутдинов белектерди тапшырып, аларга ийгилик каалашты.