“Быйылкы жылга республика боюнча 70 миңден ашык бала 480 сааттык мектепке даярдоо курсунан өттү. 28 миң жеткинчек бала бакчалардан даярдалып, 1-класска кирип жатат. Мындан сырткары дагы 7 миңдей бала атайын окуу борборлорунан тарбияланып чыкты”,- деп билдирди Сариева.
Министрдин айтымында, республика боюнча бала бакчалардын жетишсиздиги дагы эле курч бойдон турат. Акыркы 6 айда мурда менчикке өтүп кеткен бала бакча имараттарынын 52 пайызы Башкы прокуратуранын жардамы менен кайтарылып берилди.
Ал эми мектептердин күз-кыш мезгилине даярдыгына бюджеттен 10 миллион сом бөлүнөт. Мындан сырткары башталгыч класстардын окуучуларын ысык тамак менен камсыз кылуу маселеси да каралды. 2207 мектептин ичинен 788 мектептин азыркы тапта 1-4-класска чейинки окуучуларга ысык тамак даярдап берүүгө толук шарты бар.