Бүгүн, 31-августта Нарын шаарынын борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаеванын билдиришинче, салтанаттуу кечени шаар мэри Рахат Адиев ачып, катышуучуларды куттуктады. Андан кийин театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, чоң программадагы концерт тартууланды.
Мындан сырткары Төш-Булак аймагында кичи футбол боюнча аймактар аралык мелдеш өткөрүлдү.