Бишкек шаары адаттагыдай майрам күнү таштандыга толду. Өзгөчө акыр-чикирге "Ала-Тоо" аянтынын
тегерек-чети жана сейил бактар "байыды". Шаар тургундары жана коноктору ичкен суусундугунун бөтөлкөсүн, жеген таттуусунун сыртын өзү отурган жерине ыргытып кетип жатышат. Жыйынтыгында жийиркеничтүү көрүнүш шаар көркүн бузууда. Ошол эле учурда таштанды челектери чегинен чыгып толуп кеткен.
Ал эми Тарых музейинин артындагы асфальтталган жол майрамдык концертке байланыштуу жабылган эле, аны курчап турган көк чөптү эл басып кетүүдө.