Таласта Узун-Ташты кенин иштетүү лицензиясы 70 миң долларга сатылды

Бакай-Ата райондук администрациясында 2-сентябрда Узун-Ташты кенин (бериллий чалгындоо) иштетүү укугу аукционго коюлду. Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин билдиришинче, аукционго 5 компания катышты. Жыйынтыгында аталган кенди пайдалануу лицензиясын 70 миң доллар сунуштоо менен "Берилл корпорациясы" ЖЧКсы утту. Маалыматка ылайык, аукциондун баштапкы баасы 6 618 долларды түзгөн.  
Кошумчалай кетсек, Узун-Ташты бериллий кени Бакай-Ата районунда, Узун-Ташты сайынын оозунан 3 чакырым жогорку өрөөндө, деңиз деңгээлинен 1400-2000 метр бийиктикте жайгашкан. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ularik_kg
2015-09-03 10:27:57
Дагын эмнебиз калды сатыла элек. Ушуларды озубуз иштетсек болбойбу десек мындай адистер бизде жоок" деп шылтоо табасынар депуттар жейбербей ошонго окшогон кызыккан балдарды чыгаргыла окуткула спонсор болуп.
0
adel
2015-09-03 12:29:01
Жакында бут Кыргызстан сатылып кетпесе эле болгону!!! И так деле канча жерлери сатылып кетти!!!!
0
miki_93
2015-09-03 12:47:30
Кандай акмак саты кенди да 70минге сатабы акылга сыйбаган иш
0
elika86
2015-09-03 14:04:52
Ой бул бизнес та алар ага дагы акча кошуп башкаларга салат. Сельхоз жерлерди болуп сатышкандын чооон туру
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан