Коргоо министрлиги жарандарга 60 миң сом төлөп, 40 күндүк аскер кызматын өтөөнү сунуштап жатат. Муну Жергиликтүү аскер органдарынын башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Сыргак Бодобаев 8-сентябрда маалымат жыйынында билдирди. Бодобаев бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн реформалоо боюнча иш-чаралардын чегинде ишке аша турганын айтты.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору иштелип чыгып, министрлик менен ведомстволорго, ошондой эле өкмөткө карап чыгууга сунушталды. Кыска мөөнөттөгү аскердик кызматты өтөгөндөр аскерге милдеттүүлөрдүн 1-категориядагы каттоосуна турушат. Аскердик кызматтын ушул түрү Куралдуу күчтөрдүн мобилизациялык ресурстарын толуктоого жана комплекттөө пландарын аткарууга багытталган. Ошондой эле кандайдыр бир себептерден улам аскердик жана альтернативдик кызматын өтөбөгөн жарандардын конституциялык милдетин аткарууга шарт түзөт",- деди ал.