Бүгүн, 1-мартта Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде "Чексиз дүйнө. Таиланддын боёктору" аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Аталган музейден билдиргендей, көргөзмөгө Таиланд өлкөсүнүн турмушун, маданиятын, өзгөчөлүгүн чагылдырган сүрөттөр коюлат. Иш-чара саат 15:00дө башталат.