Бүгүн, 9-сентябрда борбордук "Ала-Тоо" аянтында белгилүү мамлекеттик ишмер
Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Маркум менен коштошууга президент
Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы
Асылбек Жээнбеков, өкмөт мүчөлөрү, санаалаштары жана жакын туугандары катышууда.
Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев: "Турдакун Усубалиев таза иштегени үчүн кызматтан алынган. Анын эмгектери менен биз дайыма сыймыктанабыз. Ал киши электр станцияларын, бир катар ири ишканаларды курду. Бишкекке мрамордон бир канча имаратты тургузду. Ак үйдү, "Ала-Тоо" аянтын ушул киши курган. Ал каза болгон күнү Нарында жер силкинди. Бул да жөн жерден эмес. Аны элеси эч качан унутулбайт. Ал бүт өмүрүн мекенге арнаган, сабырдуу, абийири таза инсан эле. Кош, ага, жаткан жериң жайлуу болсун!"- деп сөзүн жыйынтыктады.
Т.Усубалиевдин сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.
Т.Усубалиев 6-сентябрдан 7-сентябрга караган түнү узакка созулган оорудан улам 96 жашында көз жумду.
Мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун Усубалиев 1919-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылында туулган. 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтун, 1945-жылы КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти, 1965-жылы В.И.Ленин атындагы Москва мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Көп жыл мамлекеттик түрдүү кызматтарда иштеген.
1958-1961-жылдары Кыргызстан КПнын Фрунзе шаардык комитетинин 1-катчысы, 1961-1985-жылдары Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, 1962-1984-жылдары СССР Жогорку Советинин 5 жолку, 1959-1985-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6 жолку, 1990-жылдан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 1-даражадагы Манас, Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган. Былтыр анын 95 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленген.