2015-жылдын 8 айынын ичинде республиканын унаа жолдорунда 4462 жол кырсыгы орун алды. Бул көрсөткүч былтыркы жылдыкына салыштырмалуу 1,8 пайызга азыраак. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, ушул мөөнөттүн ичинде 434 089 жол эрежесин бузуу фактысы Жол-кайгуул кызматы тарабынан катталган. "2015-жылдын 8 айынын ичинде жалпысынан 300 миллион сомдон ашуун айып пул чогултулуп, республиканын бюджетине түштү",- деп билдирет мекеме.