Улуттук статистика комитети: "Акыркы 12 жылда өлкөдө интернет колдонуучулардын саны 53 эсеге өстү"

"Акыркы 12 жылда өлкөдө интернет колдонуучулардын саны 53 эсеге өстү". Мындай маалыматты бүгүн, 10-сентябрда республиканын байланыш тармагында акыркы жылдары болуп жаткан тенденциялар жөнүндө презентациясында Улуттук статистика комитетинин Керектөө рыногунун статистикасы башкармалыгынын жетекчиси Эльмира Мамбеталиева билдирди. 
Анын айтымында, өлкө калкынын 70 пайыздан ашыгы интернетти колдонууга мүмкүнчүлүгү бар, ал эми колдонуучулардын саны учурда 4 миллиондон ашат. "2014-жылы 8 байланыш оператору бар болуп, алардан түшкөн кирешенин көлөмү 21817,2 миллион сомду түзгөн. Белгилеп кетсем, байланыш тармактын ички дүң продукциясындагы үлүшү өткөн жылы 5 пайызды түздү. Ал эми уюлдук байланышты активдүү колдонгон калктын саны 7,5 миллиондон ашат, себеби көпчүлүк интернет колдонуучулар 2-3 уюлдук телефон менен киришет. 2002-жылы бул көрсөткүч 60 миңден араң ашкан",-деди Мамбеталиева.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан