Улуттук статистика комитети: "1-жарым жылдыкта тике чет өлкөлүк инвестициянын агымы 2,3 эсеге өстү"

Быйылкы жылдын 1-жарым жылдыгындагы тике чет өлкөлүк инвестициянын агымы 2,3 эсеге өсүп, анын көлөмү 498,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу бүгүн, 10-сентябрда Улуттук статистика комитетинин курулуш жана инвестиция статистикасы бөлүмүнүн башчысы Виктория Бирюкова жыйында билдирди. Анын айтымында, өсүүнүн негизги көлөмү (77 пайызга жакыны) геологиялык чалгындоого, иштетүү өндүрүшүнүн ишканаларына, ошондой эле электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо чөйрөсүнө багытталган. 
"КМШдан тышкары өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициянын түшүүсүнүн көлөмү өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 2,2 эсеге, КМШ өлкөлөрүнүкү 2,8 эсеге көбөйдү",- деди Бирюкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан