Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы 12 мектеп интерактивдүү такта менен камсыз болду. Мындай маалыматты бүгүн, 10-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, 3 интерактивдүү такта министрликтин, ал эми калганы жергиликтүү демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган. Ушуну менен район боюнча бардык орто окуу жайларында заманбап такталар орнотулду.
Мындан тышкары Тогуз-Торо районундагы Б.Үсөнбеков атындагы №3-мектепке жаңы окуу жылына карата райондун тургундары 30 000 сомго видеобайкоо коюшту.