Шашылыш билдирүү! 13-сентябрда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт

Өлкө аймагында 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу аймактардын автоунаа жолдору тайгак болот. 13-14-сентябрда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
aiwa1990
2015-09-11 13:16:59
Тынччылык болсо экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан